Бычак менен коркутушкан. Жайыл районунда телефон тартып алгандар кармалды
Жайыл районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды, деп кабарлайт Чүй облустук милициясы.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 13-июлунда Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарынын эки тургуну арыз менен кайрылган.
Алар түнкү саат 03:00 чамасында белгисиз адамдар тарабынан күч колдонулуп сабалып, бычак менен коркутуу жолу аркылуу уюлдук телефондору ачык түрдө тартып алынганын билдиришкен.
Бул факты боюнча Жайыл РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары М.З.З. (2005-ж.т.), З.И.Н. (2007-ж.т.), Ж.А.Р. (2010-ж.т.) жана А.А.А. (2011-ж.т.) аттуу жарандар кармалып, алардын экөө Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды аныктоо максатында тергөө амалдары улантылууда.
