
Элчи Казакбаев Түркиянын Соода палаталары жана биржалар биримдигинин төрагасы менен жолугушту
Кыргызстандын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев күн мурун Түркиянын Соода палаталары жана биржалар биримдигинин (TOBВ) төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн бир катар негизги маселелери талкууланып, егизги көңүл Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу, жаңы технологияларды жана билимдерди киргизүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарларда бизнес-форумдарды уюштуруу маселелерине бурулду.
Элчи Хисаржыклыоглуна жана анын командасына Кыргыз Республикасынын өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган экономикалык демилгелерге дайыма боордоштук колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошону менен бирге кыргыз ишкерлери туш болгон, атап айтканда банк тармагындагы көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча мындан аркы активдүү кызматташууну макулдашты.