Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк банк кызматташуунун мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын аныктады
25 апрель

Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк банк кызматташуунун мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын аныктады

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Д.А. Осмонов Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Дүйнөлүк банктын кезектеги миссиясынын алкагында өтүп, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын учурдагы абалын талкуулоого, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого багытталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын ишке ашыруу маселелери, анын ичинде төлөмдөргө байланышкан индикаторлорго жетишүү, ошондой эле Кошумча каржылоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Тараптар ошондой эле саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелерин карашты, анын ичинде мамлекеттик кепилдиктер программасын өркүндөтүү, каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, тармакты санариптештирүү жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдардын базасын чыңдоо маселелери талкууланды.