
Япония жана БУУӨП БАдагы шаарларды климаттык тобокелдиктерге туруктуураак кылуу үчүн жаңы демилге көтөрүп чыкты
2024-жылдын 11-августу – Япония Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) “Борбордук Азиядагы табигый кырсыктардын коркунучуна жана климаттын өзгөрүшүнө шаарлардын туруктуулугун жогорулатуу” аттуу жаңы биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу БУУӨПтөн билдиришти.
Долбоордун бюджети 4,9 миллион АКШ долларын түзөт.
Кол коюу аземи Казакстандын Астана шаарында өттү. Долбоор аймактык кызматташтык механизмдерин жана улуттук трансформация стратегияларын колдонуу аркылуу Борбор Азиянын шаарларынын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Долбоор “Борбордук Азия плюс Япония” Диалогунун алкагында аймактык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылат. Борбордук Азия климаттык өзгөрүүнүн катуу таасирине дуушар болгон климаттык жактан эң аялуу аймактардын бири. Региондун татаал тобокелдик профили башка факторлор менен катар көбүнчө кырсыктарга айланган табигый кырсыктарды, айлана-чөйрөнүн деградациясынын жана булганышынын жогорку деңгээлин камтыйт. Шаар калкы өзгөчө коркунучтарга дуушар болушат, анткени тез урбанизация учурдагы коркунучтарды азайтуу жана адаптациялоо аракеттеринен ашып кетет.