Бишкекте милиция кызматкери кызды каналдан куткарып, кайгылуу окуянын алдын алды
Бишкек шаарынын ИИББнын Милиция кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын 2-ротасынын 1-взводунун кенже инспектору, милициянын улук сержанты Адиль Талгарбек уулу жаңы кызмат ордуна киришкен алгачкы күнү эле чечкиндүүлүгүн жана жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп, кыздын өмүрүн сактап калды.
2026-жылдын 4-майында саат 20:30 чамасында «102» кызматына Шабдан Баатыр проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде белгисиз кыз (болжол менен чет өлкөлүк жаран) Чоң Чүй каналына секирип, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, буга жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөр себеп болушу мүмкүн.
Окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызмат күзөт башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам жетип келишкен. Көрүлгөн чараларга карабастан, кыз сууга секирген.
Милициянын улук сержанты Адиль Талгарбек уулу дароо жана чечкиндүү аракет көрүп, анын артынан каналга секирип түшүп, жабырлануучуну жээкке алып чыккан. Анын ыкчам жана жан аябас аракеттеринин аркасында кыздын өмүрү сакталды.
