Ош шаарында “Тилемчи” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү
Ош ШИИБдин
18 август

Ош шаарында “Тилемчи” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Ош шаарында өспүрүмдөр арасында тилемчиликке, селсаяктыкка жана көзөмөлсүз жүрүүгө бөгөт коюу максатында кезектеги “Тилемчи” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн аймагында тилемчилик жана селсаяктык менен алектениши мүмкүн болгон өспүрүмдөр чогулган 101 жер — көчөлөр, ар кандай коомдук жайлар жана тилемчилик кылган жайлар текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 21 өспүрүм аныкталып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, тиешелүү профилактикалык жана социалдык жардам көрсөтүү максатында Ош ОИИБдин балдарды реабилитациялоо борборуна 21 өспүрүм, социалдык мекемелерге жана балдар приюттарына 12 өспүрүм, интернатка 2 өспүрүм жайгаштырылды. Ош ШИИБдин кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайына 25 жаран тапшырылды.

Мындай профилактикалык иш-чаралар жашы жете электердин кароосуз жана көзөмөлсүз калуусуна жол бербөө, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу багытында мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы