ЖК депутаты Исманали Жороев: Бала чагымда ушул бойдон колхозчу болуп кала береминби деп көп ойлончумун
Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев бала чагында “ушул бойдон колхозчу болуп кала береминби” деген ойго батканын “Биринчи радионун” эфиринде айтып берди.
Депутат белгилегендей, 7 жашында ата-энеси ажырашып кетип, таенеси менен чогуу чоңойгон.
“Таенем Лейлекте биринчилерден болуп партиялык мектептен билим алган билимдүү аял болчу. Өмүр бою керзовый өтүк кийип алып ат үстүндө жүрдү. Мен анын тарбиясын алып чоңойдум. 6-7-класстан баштап колхоздо иштедим, тамеки экчүбүз, ар кандай кара жумуштарда иштечүбүз. Анан ушул бойдон колхоздо, кара жумушта иштеп каламынбы же башка жолду тандаймынбы деп ойлочумун. Бала чактан көксөгөн каалоом – элге кызмат кылуу эле”, – деген ал.
Депутат байлыкты – өзү топтогон материалдык дүйнө эмес, тууган-уругунун, досторунун көптүгү жана жандүйнөнүн тереңдиги деп билет.
“9-класстан баштап бизнес жасап башташым. 3 бир тууганбыз, өзүбүздү өзүбүз көтөрдүк. Мектепти жалаң 5 менен аяктадым, бир гана дене тарбия сабагынан 4 болуп калган. Анткени жакшыраак спорттук формам болбогондуктан, катышкандан уялчумун”, – деди Жороев.
