Бир кенгуру менен алты маймыл өлдү. Бишкекте зоопаркта өрт чыкты
28 январь

Бир кенгуру менен алты маймыл өлдү. Бишкекте зоопаркта өрт чыкты

Бишкектин түштүгүндө жайгашкан зоопарктан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо бүгүн, 28-январда катталган. Жалын саат 08:50дө толугу менен өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен бир кенгуру жана алты маймыл өлгөн.