
Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүл Аида Касымалиева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү.
"Бул жыйынды БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланган Камерундук Филемон Янг алып барды. Ал эми Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары катары ишине киришти", - деп айтылат маалыматта.