
Жээнбек Кулубаев Бангладештин элчиси менен жолугушту
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Ислам Монирул (резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан) менен жолугушту.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте болгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы багыттарын изилдөөгө умтула тургандыгын ырасташты.