Кара-Сууда банктан насыя алуу үчүн документтердин жасалмасын жасоого шектүүлөр аныкталды
2025-жылдын июль айынын аягында Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө 11 жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Маалым болгондой, жаран Х.Т. 2024-жылдын декабрь айынан баштап, 2025-жылдын июнь айына чейинки убакытта Кара-Суу шаарында жайгашкан сактык кассалардын биринин кредит бөлүмүнөн жабырлануучуларга 250 000 сомдон 500 000 сомго чейинки насыя акчаларын алдырып, алынган акча каражатынын көп өлчөмүн өзү алып, ал эми ай сайын төлөнүүчү акча каражатын төлөөнү убадалап, бирок төлөбөй койгон.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесини (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы менен келишим түзүшүп, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында иш алып барышкан Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган К.Н., 1966-жылы туулган Ж.Э., жана 1962-жылы туулган Я.К. аттуу тургундары материалдык кызыкчылыктарын көздөп, банк мекемелеринен насыя алууга укук берген расмий документтерге, тактап айтканда ветеринардык күбөлүктөрдү жасалмалаган жана ага туура эмес маалыматтарды киргизгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (Документтердин жасалмасын жасоо) негизинде 10дон ашык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Айыпталуучуларга бөгөт коюу чарасы катары башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Бүгүнкү күндө, дагы башка фактыларын аныктоо максатында тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы
