Каракол шаарындагы Ахунбаев көчөсү капиталдык оңдоодон өттүүдө
16 сентябрь

Каракол шаарындагы Ахунбаев көчөсү капиталдык оңдоодон өттүүдө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында И.Ахунбаев көчөсүнүн 1,5 чакырымдык тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен ишке ашырылууда.

Учурда көчөнүн биринчи катмар асфальты толугу менен төшөлүп бүтүп, экинчи катмарды төшөө иштери уланууда.

Ошондой эле Каракол шаарынын башка көчөлөрүндө да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. И.Масалиев көчөсүнүн 2,08 чакырымында жолдун негизи даярдалып, тротуарлары курулуп, асфальт төшөө иштери башталды. Ал эми Торгоев көчөсүнүн 2,226 чакырымында негизги катмар жана тротуар жумуштары жүрүп, жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт.

Ошондой эле Каракол шаарынын башка көчөлөрүндө да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. И.Масалиев көчөсүнүн 2,08 чакырымында жолдун негизи даярдалып, тротуарлары жазалып, асфальт төшөө иштери башталды. Ал эми Торгоев көчөсүнүн 2,226 чакырымында негизги катмар жана тротуар жумуштары жүрүп, жакынкы күндөрү асфальт төшөлөт.

Бул иштердин жыйынтыгында шаар тургундары үчүн жол кыймылынын коопсуздугу жогорулап, жүрүп-тура турган шарттар кыйла жакшырмакчы.