Жерүйдөгү кырсык. Адылбек Касымалиев окуяны жеке көзөмөлүнө алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы Жерүй алтын кенинде катталган кырсык окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Белгилей кетсек, кендеги кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы эки кызматкер ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан.
Жабыркагандарга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
"Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Министрлер Кабинети кырсыктын бардык жагдайларын дыкат көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшүн камсыздайт", – деди ал.
