Таластагы Жерүй кенинде бир адам каза болуп, экөө жабыркады. Окуянын чоо-жайы
2 февраль

Таластагы Жерүй кенинде бир адам каза болуп, экөө жабыркады. Окуянын чоо-жайы

Жерүй кенинин жер астындагы тилкесинде тоо теги кулап түшүү фактысы катталды. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 27-январында +3160 горизонтунда подряддык уюм — «БПК» ЖЧКсынын өндүрүш аймагында бекитүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда тоо тегинин жергиликтүү бөлүгү ажырап түшкөн. Окуя маалында аталган участокто «БПК» ЖЧКсына караштуу төрт кызматкер болгон.

Учурда окуянын себептерин жана келип чыгуу шарттарын аныктоо максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган өндүрүштүк кырсыкты иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Талас облустук милициясынын маалыматына таянсак, кырсыктын кесепетинен 1975-жылы туулган Б.И. аттуу жаран таш басып каза болгон. Бул факты боюнча Талас районундагы “Жер-Үй Альянс Алтын” ЖЧКдан Талас райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн.

Маалымат Талас РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Талас облустук жана райондук ички иштер органдарынын жетекчилиги, ошондой эле тергөө-ыкчам тобу барган.