Талас: асфальттоо иштерине көзөмөл күчөтүлөт
9 июль

Талас: асфальттоо иштерине көзөмөл күчөтүлөт

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана орун басары Айбек Көчөрбаев И. Сарыгулов көчөсүндөгү тротуарларга асфальт төшөө иштерине көзөмөл жасашты.

Жетекчилер подрядчы ишканаларга асфальттоо жумуштарын сапаттуу аткарууну, айрыкча бордюрларды тиешелүү стандарттарга ылайык орнотуу боюнча бир катар тапшырмалар беришти.

Ошондой эле, айрым шаар тургундары өз алдынча алып салган бордюрларды да кайра калыбына келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, оңдоп-түзөө зарылдыгы белгиленди.