
Бишкекте Борбор Азиянын лидер айымдарынын диалогунун II отуруму жыйынтыкталды
Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун II отуруму жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, коңшу өлкөлөрдүн парламенттеринин делегациялары, эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү катышкан отурумда социалдык-экономикалык чөйрөдө жана коомдук-саясий турмушта аялдардын ролун жогорулатууга багытталган маанилүү маселелер талкууланды.
Төраганын орун басары Жамиля Исаева эки күнгө созулган иш-чараны жыйыктыктап жатып: “Диалогдун алкагында аялдарга гана эмес, жалпы коомго тиешелүү актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, тажрыйба алмаштык. Айтылган бардык сунуш-пикирлер турмушта ишке ашырылып, келечегибиз үчүн пайдалуу болот деген ишеничтемин. Айрыкча биз “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” темасы аркылуу чөлкөмдөгү негизги көйгөйлөрдү талкуулап, анын ичинен климаттык маселелерге да токтолдук. Себеби, негизги көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын катышуусун камсыздай албасак, Париж макулдашуусунда камтылган максаттарыбызга да жетише албайбыз”, - деди.
Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр сыяктуу эле глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө өз салымын кошууга багытталган бир катар милдеттемелерди алганын эске салды.
“Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүүсүнүн шартында дүйнөлүк коомчулуктун күчүн координациялоо аркылуу гана аялдардын активдүүлүгүн арттыра алабыз”, - деген Исаева аталган багытта кызматташып келе жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
Андан тышкары, отурумда Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин төрагасынын орун басары Дания Еспаева, Түркмөнстан Республикасынын Межлисинин Илим, билим берүү, маданият жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Бахар Сейидова, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын комитетинде туруктуу иштеген сенатор Гульнора Маруфова, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин төрайымы Бунафша Файзиддинзода жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү баяндама жасап, улуттук жана аймактык деңгээлдеги кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сунуштары менен бөлүшүштү.