Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду
11 сентябрь

Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы жол пайда болду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

Эми № 98 орто мектептин окуучулары ыңгайлуу шартта жана эң негизгиси коопсуз мектепке жете алышат.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы Алтын-Ордо конушунун 14-көчөсүнүн жолуна 1-көчөдөн 9-көчөгө чейин ысык асфальттын экинчи катмарын төшөп жатат.

Белгилей кетсек, асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин жол белгилерин орнотуу жана жол чийиндерин чийүү иштери башталат.