КР энергетика министри Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки менен жолукту
11 сентябрь

КР энергетика министри Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки менен жолукту

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Эндо Тосиаки менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын өлкө башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрү ишке ашыруу, Кыргызстандын энергетикалык потенциалы, учурдагы ири долбоорлор, долбоорду  ишке ашыруу, инвестиция тартуу тууралуу сүйлөштү.

Министр Ибраев учурда министрлик өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи. Ал энергетика тармагындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча, максаттарды ишке ашырууда кызматташууну күчөтүүнү сунуштады.

Жолушуунун жыйынтыгында Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки  КР президентине, Жогорку Кеңешке жана министрлер кабинетине Япония тараптан жөнөтүлгөн катты кабыл алгандыгына жана эки өлкөнүн кызматташуусун тереңдетүү максатында энергетика министри Т.Ибраевди  жибергендиги үчүн  ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары  Кыргызстандын энергетика министринин ар бир сунушун кабыл алып, кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал япониялык компаниялар менен кол коюлган документтерди (Инвестициялык макулдашуу, Меморандум) өз көзөмөлүнө алып, андагы долбоордорду ишке ашырууга көмөктөшөөрүн убадалады.  Эндо Тосиаки  министр Т.Ибраевге кызматташуу үчүн жасаган кадамдары жана атайын убактысын бөлүп келгендиги үчүн ыраазычылын билдирип, ишине ийгилик каалады.

Тараптар жолугушуусуна Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев, Кыргыз Республикасынын энергетика минисри Таалайбек Ибраев,  Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Эндо Тосиаки жана тийиштүү кызматкерлер катышты.