Канат Сагынбаев Кыргызстанда кызматкердин санариптик профилин өнүктүрүү тууралуу айтып берди
Астана шаарында 28-майда Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев V Евразиялык экономикалык форумдун алкагында өткөн «Санариптик инструменттерди колдонуу менен ЕАЭБдин эмгек ресурстары рыногун өнүктүрүү» аттуу тематикалык сессияда «Кызматкердин санариптик профили: эмгек стажы жана квалификациялар чек арасыз» деген темада баяндама жасады.
Министр өз сөзүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы эмгек рыногун мындан ары өнүктүрүүдө санариптик трансформациянын маанилүүлүгүн белгилеп, жарандардын эмгек стажы, квалификациясы жана кесиптик компетенциялары тууралуу маалыматтарды бириктирген бирдиктүү система катары кызматкердин санариптик профилин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурду.
Сагынбаев ошондой эле форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасында социалдык тармакты жана эмгек рыногун санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу маалымдады. Атап айтканда, бирдиктүү иш менен камсыз кылуу маалыматтык системасын, электрондук эмгек келишимдерин жана электрондук эмгек китепчелерин киргизүү, ошондой эле «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтты.
Жыйынтыгында министр Кыргыз Республикасынын иш менен камсыз кылуу жана эмгек мобилдүүлүгү тармагында санариптик инструменттерди өнүктүрүү маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен мындан ары да кызматташууга даяр экендигин ырастады.
