Таласта жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды
4 октябрь

Таласта жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды

Талас облустук бириккен ооруканасынын базасында 63 орунга ылайыкташан жаңы перинаталдык блоктун курулушу башталды. 

Капсула салуу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналие, Германия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы аймактык директору Андреас Шнайдер, президенттин Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, оорукананын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Долбоор «Эне жана баланын ден соолугун коргоо» программасынын IX этабынын алкагында Германия өкмөтүнүн жана Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Перинаталдык бөлүмдүн курулушунун негизги максаты - Талас облусундагы аялдардын жана балдардын эл аралык стандарттарга шайкеш келген сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу. Жаңы перинаталдык мекеме 24 айдын ичинде курулуп, иштеп жаткан төрөт үйүнүн бир бөлүгүн түзөт, бул өзгөчө тобокел тобундагы кош бойлуу аялдарга жана мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайларга жардам көрсөтүүнүн деңгээлин бир топ жакшыртат.

Долбоор курулуштан тышкары, медициналык персоналдын кадрдык потенциалын чыңдоону, кош бойлуу аялдарга жана тобокел тобундагы жаңы төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууну, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына инновациялык чечимдерди киргизүүнү камтыйт.