Мыйзамсыз балык уулаган кытайлык жарандан Кыргызстандан чыгарылды
Мыйзамсыз балык уулоого катышкан чет өлкөлүк жарандар өлкө аймагынан чыгарылып кайра кирүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Буга чейин социалдык тармактарда мыйзамсыз балык уулоого байланыштуу видео тараган. Аталган маалымат боюнча ички иштер органдары тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү текшерүү жана териштирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Көрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында видеодо тартылган чет өлкөлүк жарандардын өздүгү аныкталып, алар Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен мыйзамсыз балык уулоого катышканы аныкталган. Окуяга катышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылып, кайра алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу багытында иштерди мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантат.
