
Жалал-Абадда үч миң адамга ылайыкталган мечит ачылды
Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгында “Достук” мечитинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Үч миң адамга ылайыкташкан мечиттин курулушуна "Ас-Санабил" кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган. Анын ачылышына облус башчысы Тилек Текебаев, Бүткүл дүйнөлүк Ислам жаштары ассамблеямынын Кыргызстандагы өкүлү, "Ас-Санабил" кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.