Ысык-Атада Такыр-Төр көлү жырылып кетти. 31 үй-бүлө эвакуацияланды 
27 июнь

Ысык-Атада Такыр-Төр көлү жырылып кетти. 31 үй-бүлө эвакуацияланды 

Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Учурда Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Куткаруучулар коркунуч туудурган аймактан жалпы 31 үй-бүлөнү коопсуз жайга алып чыгышты.

"Министрдин буйругу менен ӨКМдин алдындагы ӨКга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер тартылып, дрон менен Такыр-Төр көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымын көрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген", деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары атайын техникалар тартылып, даярдыкта уюштурулган.

Кошумча маалымат берилет.