ИИМ башчысы жол кырсыктарын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайтуу тапшырмасын берди
24 декабрь

ИИМ башчысы жол кырсыктарын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайтуу тапшырмасын берди

Ички иштер министри милициянын, генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков аппараттык онлайн-кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде жаңы 2025-жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, унаа кырсыктарын алдын алуу маселелери каралды.

ИИМ жетекчиси өз сөзүндө, өлкөбүздүн стратегиялык жолун бекемдеген,  экономикалык өсүп-өнүгүүлөр арышын кенен таштаган, жарандардын жашоо-турмушу кадыресе жакшырган, ички жана тышкы саясатта жеңиштерди багындырган, мамлекеттик жогорку деңгээлден баштап, жергиликтүү бийлик органдарына чейин, баардык тармактардын иштөөсүнө мыкты шарттар түзүлгөн жана башка бир катар ийгиликтерге мол жылдардан болду  деп баса белгиледи.

"Жакынкы арада “Коопсуз өлкө” долбооруна кайсы жетекчи кандай аракеттерди жасагандыгын карап, баа беребиз. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда, туристтик зоналарда катталган кылмыштуулук кескин түрдө азайып, жокко эсе көрүнүшкө келиши зарыл. Элдин көңүлүн өзүнө дайыма бурган жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулуктар, жол кырсыктарынын саны да азайышы керек. Мына ушундай максаттарды көздөп, өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн иш алып барууга милдеттүү экениңиздерди унутпаңыздар.

Азыркы мезгилде, баардык жарандарыбыз жаңы жылды жакшы тилек, жылуу маанай жана жогорку үмүт менен күтүп алууга кам көрүп жаткан учур. Ички иштер органдары бул майрамды тосуу убагында “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөп, коопсуздукту камсыздоону натыйжалуу ишке ашыруунун үстүндө иш алып барат. Эл-журтубуздун бейпилдигин сактап, коомчулукка ак ниет кызмат өтөө - милициянын негизги милдети. Алдыбызга койгон максаттар жана келээрки жылы ишке ашыра турган багыттар боюнча тиешелүү иштерди алып барыңыздар”, - деди Улан Ниязбеков.

Кеңешменин жүрүшүндө жер-жердеги ички иштер башкармалыктарына төмөнкү тапшырмалар берилди:

  • Эл менен түздөн-түз иш алып барган милициянын көчмө кабылдамалары, авто жана жөө кайгуулдар, нөөмөт бөлүктөрү, ыкчам-тергөө топтору, аймактык жана жаш өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчүлөр, күзөт кызматтары, ички аскерлер - элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, жүктөлгөн милдеттерди жогорку тартипте аткарышсын;
  • Ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша, күч-каражаттарды туура бөлүштүрүп, кызматкерлердин ишмердигин көзөмөлдөө күчөтүлсүн;
  • Элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо, жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары катуу көзөмөлгө алынсын;
  • Жарандарга коомдук жайларда жүрүү эрежелерин жана жарандык милдеттерин сактоо  боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлсүн; 
  • Кайгуулга чыккан унаалардын, колдонуудагы санарип каражаттарынын техникалык абалына, кызматкерлердин формалык кийимине өзгөчө көңүл бурулсун;
  • Республиканын ички жана эл аралык трассаларында, айыл-шаарларды бириктирген жолдордо, унаа кырсыктарын болтурбоо үчүн, күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар уюштурулсун;
  • Жаңы жылдык эс алуу күндөрү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүктөрүнүн баардык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын.