Бишкекте жыл башынан бери 34 жол кырсыгы катталып, андан бир адам каза болгон
4 март

Бишкекте жыл башынан бери 34 жол кырсыгы катталып, андан бир адам каза болгон

Бишкек шаарынын аймагында 2025-жылдын башынан бери 34 жол кырсыгы катталган. Андан 50 жаран ар кандай жарааттарды алып, бир адам каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору. Буга байланыштуу ЖКККББ тарабынан шаардын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочуларына  рейддик иш-чаралардан сырткары жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча теориялык окуу семинары да өткөрүлүүдө.

Семинарга ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Аким уулу Мирлан, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов жана авточарбалардын жетекчилери менен айдоочулары катышты.

"Анда айдоочуларга жол эрежесинде көрсөтүлгөн талаптар эскертилип, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери камтыган  видео тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле жүргүнчүлөр менен жүрүүдө ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкелерге чыкпоо, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө аялдамаларда гана токтоо, унаа башкаруу учурунда уюлдук телефонго алагды болбоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү жана жеткирүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.