
Азырынча вакцина жок. ДССУ Марбург вирусу тууралуу эскертти
Дүйнө Марбург вирусунун эпидемиясынын коркунучунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) билдирүүсүндө айтылат.
ДССУнун маалыматы боюнча, 29-сентябрга карата, дүйнөдө аталган дарт менен 26 учур катталган, тилекке каршы, сегиз адам каза тапты.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул эпидемия коркунучун улуттук деңгээлде өтө жогору, аймактык деңгээлде жогору жана дүйнөлүк деңгээлде төмөн деп баалайт", - деп айтылат ДСУУнун маалыматында.
Азырынча бул вирустан эмдөөчү дары жок.
Марбург вирусу — жарганаттар алып жүргөн бул илдет биринчи кезекте боор, ишказан-ичеги трактарына жана борбордук нерв системаларын жабыркатат.