Шайырбек Ташиев коррупцияга айыпталып кармалды
1 апрель

Шайырбек Ташиев коррупцияга айыпталып кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайыррбек Ташиев коррупция менен кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иликтөө материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлиги тарабынан - мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген Шайырбек Ташиев камалды.

Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.