сүрт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
14 июль
Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү узартылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Тиешелүү чечим 13-июлда кабыл алынган. Ал камакта 16-сентябрга чейин болот.
Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү – "Коррупция" боюнча айып тагылган.
Белгилей кетсек, Шайырбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схема боюнча Ички иштер тарабынан кармалган.
Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.
Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат.
