президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
13 апрель
Манас шаарынын “Тазалык” ишканасына 520 даана таштанды чогултуучу контейнер жана урналар тапшырылды
Манас шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына жалпы суммасы 13 миллион 300 миң сомду түзгөн 520 даана таштанды чогултуучу контейнер жана урналар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Аталган каражат Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышып, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгеги ар дайым жогору бааланарын белгилеп, калааны таза жана көрктүү кармоодогу алардын салымы өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Ошондой эле ал кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар, эмгек акылары тууралуу маалымат алып, атайын формаларынын абалын көрдү.
