Бишкекте кар: "Тазалык" жолдорду кардан тазалоодо
3 март

Бишкекте кар: "Тазалык" жолдорду кардан тазалоодо

Бишкекте аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы жолдорду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мэриядан кабарлашкандай, 3-март, саат 15:00гө карата линияда 23 бирдик атайын техника бар.

Ошондой эле ишкананын кызматкерлери тротуарларды жана жол бордюрларын тазалоодо.

Белгилей кетсек, түнкүсүн аба ырайынын суук болушуна байланыштуу борбор калаанын жолдоруна туз себүү үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникалары тартылат.