Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо мекемелеринин жолугушуусу өтөт
Бишкекте 23-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо мекемелеринин биринчи консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Иш-чарага Беларусия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын улуттук укук коргоо институттарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышат.
Жолугушуунун жүрүшундө катышуучулар адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттардын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдарынын ишмердүүлугү тууралуу маалымат алышат.
Делегациянын жетекчилери өз мекемелеринин укуктук негиздери жана мандаты жөнүндө маалымат берип, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюу жана Биргелешкен билдирүү кабыл алуу пландалууда.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо институттарынын ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өтүп, кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлат.
Ошондой эле консультативдик жыйындын катышуучулары Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушат.
