Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын форуму өтүүдө
4 октябрь

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын форуму өтүүдө

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогунун отурумунда делегация башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да баяндама жасап, учурундагы олуттуу маселелерди көтөрүү менен аларды чечүүдөгү аялдардын ролу тууралуу сөз кылышты.

Алсак, Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе аялдардын жана балдардын укугун коргоп, коопсуздугун камсыздоо иши чөлкөмдөгү көптөгөн маселелердин чечилишине өбөлгө түзөрүн белгилеп, Ооганстандагы азыркы кырдаалга да токтолду. 

Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве аялдардын коомдук-саясий турмуштагы активдүүлүгүн арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Муну менен катар аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулукту азайтуу боюнча биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгү тууралуу сөз кылды. 

Отурум эки багыттагы сессия менен уланып, анда бир катар тематикалык баяндамалар жасалды. 

Жыйын катышуучулары топ-топко бөлүнүп, чөлкөмдөгү актуалдуу көйгөйлөр боюнча ой бөлүшүп, сунуш-пикирлерди талкуулашты.