Акыйкатчы: Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук дагы деле актуалдуу
16 сентябрь

Акыйкатчы: Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук дагы деле актуалдуу

КР Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын айтымында, Кыргызстанда аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук фактылары актуалдуу бойдон калууда. 

Акыйкатчы бул тууралуу жогорку Кеңештин конституциялык  мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында билдирди. 

“Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына, кайтаруу ордерлер убагында берилбегенине, иштин сотко чейинки өндүрүштө токтотулганына, иштин квалификациясынын өзгөрүшүнө, тергөө амалдарын адвокатсыз өткөрүүгө даттануу иретинде келип түштү. Кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар кылдат каралып, эреже бузуулар аныкталса, акты түзүлүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча чара көрүүгө жиберилди”, – деди Акыйкатчы. 

Ал белгилегендей, аялдарга жана балдарга кризистик борборлорго жайгаштыруу жана юридикалык консультацияларды берүү жаатында жардам берилген.  

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышына мониторинг бардык укук коргоо органдары бул мыйзамдын талаптарын аткара бербей турганын көрсөттү”, – деди ал.