Диний-экстремисттик уюмдан 14 адам баш тартты — УКМК
КР УКМК "Йакын Инкар" ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2025-жылдын 16-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында "Йакын Инкар"ДЭУнун 14 мүчөсүнүн жашаган дареги боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүздү.
Атайын кызматтан кабарлашкандай, тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган дареги боюнча экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле буюмдук далил катары протоколдук түрдө алынган уюлдук телефондор табылган.
Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган "Йакын Инкар" ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышкан.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
