Мурдагы депутат Чыңгыз Айдарбеков сурак берди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков КР Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында бир нече саат бою суракта болду.
Расмий органдар бул жагдай боюнча комментарий беришкен жок.
Буга чейин Айдарбеков өзүнө депутаттык мандат тапшыруу маселесинин «создуктурулуп жатканына» байланыштуу пикирин билдирген. Ал бул маселенин негизсиз кечиктирилип жатканын айтып, мындай көрүнүш мурда болбогонун белгилеп, коомчулукта талкуу жараткан.
Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы Чыңгыз Айдарбековго депутаттык мандатты берүү боюнча чечимди узак убакыттан бери кабыл албай келет. Буга укук коргоо органдарынан кошумча маалымат алуу зарылдыгы себеп болуп жатканы айтылууда.
