Кыргызстанда чет өлкөлүк номер менен жүргөн дагы 5 миңдей унаа мыйзамдаштырылышы мүмкүн
Кыргызстанда легалдаштыруунун акыркы этабында чет өлкөлүк номер менен жүргөн болжол менен 5 миңдей автоунаа мыйзамдаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик борбордун башкы адиси Таалайбек Суваналиев билдирди.
Ошол эле учурда азыркыга чейин өлкөдө канча автоунаа легалдаштыруудан өтпөй жүргөнү тууралуу мамлекеттик органдарда так маалымат жок.
Адистин айтымында, Каттоо борбору транспорт каражаты тууралуу маалыматты анын ээси кайрылгандан кийин гана алат. Башка мамлекеттик органдардын эсептөөлөрү да болжолдуу мүнөзгө ээ.
Мурдагы легалдаштыруу өнөктүгүнүн алдында 15 миңден 20 миңге чейин автоунаа каттоодон өтөт деп күтүлгөн. Бирок жыйынтыгында 30 миңден ашык автоунаа мыйзамдаштырылган.
