Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда 4685 электр жабдыктары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү
4 октябрь

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда 4685 электр жабдыктары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус боюнча 35-220кВ 61 көмөк чордонду тейлейт.

Энергетика мнистрлигинен кабарлашкандай, алар тарабынан жылдын башынан бери 47 көмөк чордонунда 397 электр жабдууларын капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Ошондой эле 35-220кВ 57 көмөк чордондорунда 4685 электр жабдыктарын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Мындан сырткары 110/10 кВ Ананьево көмөкчордонунда КРУН-10 кВ жана ТСН-10 кВ орнотулду.Чолпон-Ата, Ой-Тал, Пржевальск жана Ананьево көмөк чордондорунда май өчүргүчтөр элегаз өчүргүчтөрүнө алмаштырылды.

Ошону менен бирге көмөк чордон кызматы тарабынан 1970-жылдары орнотулган, эскилиги жетип, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып буткөн өткөргүчтөрдү жаңы заманбап өткөргүчтөргө алмаштыруу иштерин жүргүзүштү.

Кажы-Сай жана Пржевальск подстанцияларында чыңалуу трансформаторун (трансформатор напряжения) алмаштыруу иштери жүрдү.

Мындан сырткары, ашыкча чыңалуудан коргоочу заманбап электр жабдыктары ортнотулду.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.