Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер бешбармакка ууланды
9 июнь

Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер бешбармакка ууланды

Бишкекте Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлеринин арасында тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул маалыматты Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан ырасташты.

Билдирүүгө ылайык, кызматкерлер үй шартында даярдалган чучук кошулган бешбармакты жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тамак жумушка алып келип, түшкү тыныгуу маалында жешкен. Андан соң алты адамдын абалы начарлап, медициналык жардамга кайрылышкан.

Жабыркагандардын экөө көзөмөл жана дарылоо үчүн ооруканага жаткырылса, дагы төртөө амбулатордук негизде дарыланууда.

Окуяга байланыштуу адистер тамак-аш азыктарын сактоо жана ташуу эрежелерин так сактоого чакырышууда. Өзгөчө үй шартында даярдалган тамактарга жана үй-бүлөлүк иш-чаралардан, той-топурлардан алып келинген тамак-аштарга өзгөчө көңүл буруу сунушталат.

Санитардык дарыгерлердин айтымында, азыктарды талаптагыдай температурада сактабоо жана сактоо мөөнөттөрүн бузуу адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн.