Беларустун премьер-министри Александр Турчин Чолпон-Атага келди
Министрлер кабинети
6 август

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Чолпон-Атага келди

Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Беларустун премьер-министри Александр Турчинди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.