Егор Борисов Шаардык тез жардам кызматын жетектеди
9 июнь

Егор Борисов Шаардык тез жардам кызматын жетектеди

Егор Борисов Бишкек шаардык Тез жардам жана шашылыш медицина борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Жаңы дайындоого чейин Борисов аталган мекеменин башкы дарыгеринин орун басары болуп иштеп келген. Буга чейин ал борбордун реанимация бөлүмүн жетектеген.

Кадрдык өзгөрүүлөр башкы дарыгер Искендер Шаяхметов кызматтан кеткенден кийин болду. Анын ордуна убактылуу жетекчилик кылуу милдети Егор Борисовго жүктөлдү.