
Ноокатта 250 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Үч-Бай айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу 75%га аяктап калды. Бул тууралуу Мамкулуштан билдиришти.
Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Долбоор боюнча билим уясы 4 блоктон турат, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук зал, ашкана, сырткы ажаткана, кичи футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.