Жалал-Абад облусунда долбоордун катышуучуларына 154 тонна азык-түлүк алышты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Эмгек/окутуу үчүн азык түлүк жардам” долбоорунун Жалал-Абад облусундагы катышуучуларына 154 тонна азык-түлүк тапшырылды.
Долбоордун максаты – калктын жашоо сапатын жДолбоордун максаты – калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана эң аялуу катмарларды колдоо. акшыртуу жана эң аялуу катмарларды колдоо. Анын алкагында 11 жергиликтүү демилге каралып, ишке ашырууга көмөк көрсөтүлгөн.
Долбоорго Ноокен жана Сузак райондорунун тогуз айылы менен бир шаардын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн чыккан 470 жергиликтүү тургун активдүү катышып, бир нече демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырышты. Алардын ичинде жаңы көпүрөлөрдү жана тротуарларды куруу, спорт аянтчаларын уюштуруу, дамба куруу, таза жана сугат сууну жеткирүү, таштанды полигонуна тосмолор орнотуу сыяктуу иштер натыйжалуу аяктаган.
Долбоордун катышуучуларынын ар бирине эмгеги үчүн акы катары 300 килограмм ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилди.
Белгилей кетсек, «Эмгек/окутуу үчүн азык-түлүк жардам» долбоору өлкөнүн бардык аймактарында «Өнүктүрүү Демилгелеринин агенттиги» (ADI) уюму тарабынан БУУ ДАТПнын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
