Ак-Ордо конушунда балдарга ийнеси бар конфет тараткан шектүү кармалды
1 апрель

Ак-Ордо конушунда балдарга ийнеси бар конфет тараткан шектүү кармалды

Бишкекте ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратып жүргөн жаран кармылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде шаарыдк милиция билдирди.\

Маалым болгондой, 102 кызматына 28-мартта саат 20:32 чамасында Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран жаш балдарга конфет таратып жүргөнү, кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция жерине барып, текшерүү учурунда аталган конуштун тургуну Б.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда анын 2015- жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз жарандан алган конфеттердин ичинен ийнелер табылганын билдирди.

Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Натыйжада шектүү Н.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын жашаган дарегинде жүргүзүлгөн тинтүүдө конфеттер жана башка буюм далилдер алынды.

Милиция ата-энелерден балдарга белгисиз адамдардан эч нерсе албоону түшүндүрүп, айланада шектүү адамдар пайда болсо 102ге кабарлоону суранат.

Учурда тергөө иштери улантылууда.