Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Таласта милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат
Талас ОИИБ
10 сентябрь

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Таласта милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

2026-жылдын 11-12-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык майрамдык мааракесин Талас облусунун аймагында өткөрүү мерчемделген. Буга байланыштуу ири иш-чара учурунда Талас облусунун ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери жана сырттан келген кошумча күч-каражаттары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Облустук милициядан кабарлашкандай, бүгүн, 10-сентябрда кызматкерлерге саптык тизилүү өткөрүлүп, жетекчилик тарабынан өздүк курамга тиешелүү нускамалар берилди. Анда иш-чара өтүү учурунда жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо эскертилди.

Ошондой эле укук бузууларга жана кылмыштарга жол бербөө боюнча тапшырмалар коюлду.

Мындан сырткары кызмат өтөөдө кызматкерлер өздөрүнүн белгиленген функционалдык милдеттерин так аткаруу, жарандарга сылык мамиле кылуу менен жогорку сервистик тейлөө көрсөтүү талап кылынды.