Кыргызстан менен Казакстандын муфтийлери кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулашты
4 октябрь

Кыргызстан менен Казакстандын муфтийлери кызматташтыкты бекемдөө маселесин талкуулашты

Коңшу өлкөнүн башкы муфтийи Ноорузбай кажы Таганулы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров менен жолугушту. Бул тууралуу Казакстан мусулмандар Дин башкармалыгынын расмий сайтында маалымдалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилени бекемдөө жолдорун талкуулашкан. Андан тышкары, дин жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдору тууралуу кеп болду. 

Ноорузбай кажы Таганулы казак-кыргыз бири-бирине кам көрүп, ар дайым колдоо көрсөтүп келгендиктерин баса белгиледи.