Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтчү ЖККУ саммитине катышат
13 ноябрь

Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтчү ЖККУ саммитине катышат

Россиянын президенти Владимир Путин 27-ноябрда Бишкекте өтчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитине катышуу планын жарыялады. Бул тууралуу маалымат Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.

"Биз үзгүлтүксүз байланышып турабыз жана Бишкектеги ЖККУ форумунда жолугушабыз", - деди Путин орус-казак сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө.

Россиянын президенти Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен үзгүлтүксүз байланышып тураарын баса белгиледи.

ЖККУнун катчылыгынын маалыматы боюнча, алдыдагы саммитте аймактык туруктуулукту сактоо жана террористтик коркунучтарды жана экстремизмди нейтралдаштыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртуу маселелери каралат.

План боюнча, эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелеринин кеңири спектри талкууланып, сессиялар аралыгындагы мезгилдеги Уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылат. Россия тарап алдыдагы мезгилге карата өзүнүн артыкчылыктарын сунуштайт.

Ошол эле учурда, Кыргызстан ЖККУнун башкы катчысы кызматына талапкерди башкаруу органдарындагы жетекчиликти ротациялоонун белгиленген тартибине ылайык мамлекет башчыларынын бекитүүсүнө сунуштайт. Мындан тышкары, өлкө жетекчилеринин кароосуна жамааттык коопсуздукту чыңдоонун ар кандай аспектилерине тиешелүү документтердин чоң пакети берилет. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда, анда дүйнөлүк кырдаалды жана Уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалды баалоо, ошондой эле аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо ыкмалары камтылат.

Саммитте ЖККУга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт.