Астанада кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны өтөт
13 ноябрь

Астанада кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны өтөт

Бүгүн Казакстандын Астана шаарында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны өтөт. 

Жыйын Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. 

Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.