Никитенко Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору болду
Жогорку Кеңеш
9 июнь

Никитенко Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору болду

Наталья Никитенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу «Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.

Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.