Кыргызстан менен Кытайдын Коммунисттик партияларынын депутаттары кызматташууну талкуулашты
27 октябрь

Кыргызстан менен Кытайдын Коммунисттик партияларынын депутаттары кызматташууну талкуулашты

26-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, Кытай Эл Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев жана анын орун басары, депутат Бахридин Шабазов Кытайдын Коммунисттик партиясынын Чжэцзян провинциясынын партиялык комитетинин мүчөсү Ван Чэн баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча ой бөлүшүп, анын ичинен парламенттер жана партиялар аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Фракция лидери Исхак Масалиев Кыргызстан Коммунистеринин партиясынын Борбордук Комитетинин төрагасы экенин эске салып, Кытайдын Коммунисттик партиясы менен калыптанган байланыштардын учурдагы абалына токтолду. 

Муну менен катар Кыргызстан Кытай мамлекети менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин айткан депутат Исхак Масалиев соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүү башкы максат экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Бахридин Шабазов да байланыштардын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылып, Кыргызстан Кытай менен билим берүү, санариптештирүү, жогорку технология тармактарында тажрыйба алмашууга ынтызар экенин белгиледи. 

Өз кезегинде Кытайдын Коммунисттик партиясынын Чжэцзян провинциясынын партиялык комитетинин мүчөсү Ван Чэн да мамлекеттер аралык алакаларды активдештирүүдө парламенттер жана партиялар аралык байланыштардын мааниси чоң экенин белгилеп, кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы сунуш-пикирлери менен да бөлүштү.