Кыргызстанда бир жума ичинде 369 мас айдоочу кармалды
3 март

Кыргызстанда бир жума ичинде 369 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда 24-февралдан 2-мартка чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 23 миң 525 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен: 
  

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 720;
  • Мас абалында унаабашкаруу - 369;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 110;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 413;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3493;
  • Автоээнбаштык - 19;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4225;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 298;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2901 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.